Теке 06, 2024
Убакыт: 17:15
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Баткенде контрабанданы органдын адамдары коргоп жүрөт деген тасма боюнча милиция түшүндүрмө берди

12.05.2021 09:10
571
Баткенде контрабанданы органдын адамдары коргоп жүрөт деген тасма боюнча милиция түшүндүрмө берди


Баткен облусунун кире бериш аймагынан кармалган Тажикстандын 3 фурасы 4 күндөн бери, тагыраак айтканда 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу, коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 11-май күнү кармалган 3 фураны Баткен ОИИБнын унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. 


Кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажикстан Республикасында кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн