Бугу 04, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде криминалдык милициянын 103 жылдыгы белгиленди

05.10.2021 11:50
777
Баткенде криминалдык милициянын 103 жылдыгы белгиленди


     Ички иштер эл комиссариаты тармагында эн биринчилерден болуп, кылмышкерлерди издөө бөлүмү жана эксперттик-криминалистика кызматы уюшулган. Алар кылмыштуулуктун алдын алууда, катталган кылмыштын бетин ачууда, колго түшүрүп кармоодо милициянын башка тармактары менен биргеликте иш алып барып келишкен. Негизинен коомдогу болгон уурулук, зордук-зомбулук, ээнбаштык, дайынсыз жоголуу, адам өлтүрүү фактыларынын бетин ачып, коомчулуктун ыраазычылыгын алып кызмат өтөп жаткан кызмат бул - криминалдык милиция кызматы. 

 

   Бүгүн, 5-октябрь криминалдык милиция кызматынын 103 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чарага облус аймагындагы криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери, ардагерлер КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана анын орун басары Маруфхан Тулаевтер катышты. 


Алгач, кылмыш иликтөө кызматынын тарыхы окулуп, Баткен ОИИБда кылмыш иликтөө кызматын жетектеп турган кызматкерлердин аты аталып кетти. 

   

 Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кызматкерлерди кызуу куттуктап, милициянын бүгүнкү күндөгү ордуна токтолуп, облус аймагындагы коомдук тартипти сактоодо, алардын аткарып жаткан иштерин баалап, сыйлыктарды тапшырды.

 

   Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Баткен ОИИБнын сыйлыктарын, кезектеги наамдарды башкармалыктын начальниги Мурат Боронов тапшырып жатып , “бул майрам күн, түн дебей, тыныгуу билбей - ар бир күнү, өз убактысын, күчүн жана ден соолугун аябай өз милдетин өтөп жаткандардын майрамы. Анын ичинде биздин ардагерлерибиз өзгөчө ыраазычылык билдирүүгө татыктуу. Алар кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүүдө четте калбай, жаштарыбызга үлгү болуп, аларга жакшы тарбия-таалим берип келет. Майрамыңыздар кут болсун ыкчам кызматкерлер” деп куттуктап өттү. 

   

 2010-жылдын 27-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы «Молдо Гулмат» атындагы эс алуу паркында кылмышкерлердин огунан кызмат учурунда каза болгон милициянын сержанты Гуламжан Бердалиевдин ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирип Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов сыйлуу белектерди тапшырды.

Штаб кызматына 50жыл.

   

 Ошондой эле, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штабдык бөлүктөрү 50 жылдык юбилейин белгилеп, Баткен ОИИБнын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ИИМнин медалдары тапшырылды.

Спорттогу жетишкендиктери үчүн да сыйланышты.


     2021-жылдын 28-сентябрдан 30-сентябрга чейинки аралыкта Бишкек шаарындагы “Динамо” спорт комплексинде милициянын улук сержанты Улан Сарыбаевтин жаркын элесине арналган волейбол боюнча ИИМдин чемпионаты өткөн. Бул мелдеште Баткен ОИИБнын командасы экинчи орунга жетишип кубок жана сыйлыктарга ээ болушкан. Бүгүн Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов спорт чеберлерин куттуктап, “Милиция кызматкерлери кыраакы болуш керек. Милдет жагынан да, спорт жагынан да ар дайым алдыңкы орунда болуш керек”,-деп куттуктап кетти.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн