Баткен облусунун Лейлек районунда куюн аралаш шамал болуп, үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунунда 29-апрель күнү 21:00 чамасында куюн аралаш шамал катталган. Куюндун ылдамдыгы секундасына 28-33 метрге чейин жеткен.
Анын кесепетинен Лейлек районунун айыл аймактары боюнча 7 орто мектептин 75 даана, 33 турак үйдүн 476 даана жана 15 чарбалык курулуштардын 248 даана шиферлерин учуруп кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн