Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 04:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баткенде мамлекеттик кызматкерлер милдетин аткарбай жатат, - окурман (видео)

10.07.2020 11:08
1223
Баткенде мамлекеттик кызматкерлер милдетин аткарбай жатат, - окурман (видео)


Баткен облусунда Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык жетекчилери милдеттерин аткарбай жатат. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агентигине Исфана шаарынын Самат айылынын тургуну Манабай Медеркулов билдирди.


Анын айтымында, Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын облустук башкармалыгынын жетекчиси Берди Жалилов менен ушул эле мекеменин Исфана шаарындагы башчысы Алтынбек Марипов милдеттерин аткарбай жатат. Аларга арыз менен кайрылып, бирок анын кайрылуусу каралбай калган.

 

“Сайдан шагылдарды атайын комиссиянын уруксаты менен лицензиясы бар адамдар гана казышы керек. Булар эч кандай лицензиясы жок адамдарга эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен сай тийиштүү деңгээлден бийик турат деп казып жатышат. Сайды да талкалап бүтүштү. Миллондогон үйлөр түшүп жатса да, өлкө казынасына пайда түшпөй калды. Сайдагы кумдарды акысыз колдонууда. Мындай көрүнүштөн мамлекетке ар кандай зыян келүүдө. Андан да мага окшогон лицензиясы барлар каза албай, Алтынбек Мариповко акча бергендер казышууда”, - деди райондун тургуну Манабай Медеркулов.


Ошондой эле Медеркулов мамлекетке салык төлөө менен киреше алып келип турганын айтат.


“Мен мамлекетке төкөн салыгымы жана аткарган жумуштарым боюнча жыйынтыктарды Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын облустук башкармалыгынын базасынан таба аласыңар. Мындай өз билемдик жана башаламандык токтошу керек. Ушундай мыйзамсыз иштер орун ала берип Кыргызстанда жашагымда келбей калды”, - дейт аймактын тургуну.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн