Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Баткенде мамлекеттик кызматкерлер милдетин аткарбай жатат" деген билдирүүгө өкүлчүлүк жооп берди

17.07.2020 18:00
2426
"Баткенде мамлекеттик кызматкерлер милдетин аткарбай жатат" деген билдирүүгө өкүлчүлүк жооп берди


Баткен облусунда Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык жетекчилери милдеттерин аткарбай жатат деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 


Буга чейин “Баткенде мамлекеттик кызматкерлер милдетин аткарбай жатат” деген макала жарыяланган. 


Бул макала боюнча түшүндүрмө берген өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгына Лейлек районунун Самат айылыныны тургуну М.Медеркуловдун арызы 18-июнь күнү түшкөн. Башкармалыктын жетекчилиги тарабынан экологиялык коопсуздук боюнча инспектору А.Мариповго аткарууга алынып, текшерүү жүргүзүүгө виза коюлган. Инспектор арыздын негизинде мыйзамсыз кум-шагыл аралашмасын казып жаткан жарандарга атайын кыдыруулар уюштурулуп, текшерүү жүргүзүлө баштаганда, арыз ээси Малабай Медеркулов 19-июлда тосмо арыз жазып берген.


"Тосмо арызда көрсөтүлгөндөй, жазган арызы боюнча эч кимге доосу жок экендигин жана жазган арызын кайтарып алуу жөнүндө билдирген. Тосмо арыздын негизинде М.Медеркуловдун арызын кароо токтотулуп, текшерүү жүргүзүлгөн жок. Бирок, Медеркуловдун арызында көрсөтүлгөн фактылар боюнча төмөнкүлөр аныкталган: ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмү тарабынан Б.Кадыровго 3-июнда берген сунушунун негизинде Исфана шаарынын Беш-Бала айылындагы Исфана-1 сай ичин кайра калыбына келтирүү максатында, узундугу 150 метр, туурасы 5 метр, терендиги 1,5 метр болгон сай ичин атайын инженердик техника менен механикалык тазалоонун уюштуруу жагына уруксат берилген. Себеби, Беш-Бала айылындагы жашоочулардын турак-үйлөрүнө, таамаркаларына сел келген учурда селдин кирип кетүү коркунучу жаралгандыктан тургундар арыз менен КР ӨКМ Лейлек райондук бөлүмүнө кайрылышкан. Анткени, жогоруда аталган жер сел агымынын чукул бурулган жеринде жайгашкан", - деп айтылат маалыматта. 


Мындан улам өкүлчүлүк М.Медеркулов айткан маалыматтар так эмес жана далилсиз деп эсептейт. 


"Буга чейин 10-июнда жарыяланган М.Медеркуловдун билдирүүсү туура эмес жана далилсиз. Себеби, ал кайрылуу каралбай калгандыгын билдирген. Бирок, ал ошол эле жазган арызы боюнча өз колу менен токтотуу боюнча тосмо арыз жазып берип, ошол эле убакта эч кимге доосу жок экендигин билдирген эмес.  Өзүңүздөргө белгилүү өзү арыз берип, өзү токтотуу боюнча тосмо арызын берип, кайсы ой менен Экотехинспекциянын үстүнөн даттанып жазганы түшүнүксүз. Баары билишет Мамэкотехинспекция мыйзамсыз кум-шагыл алуу үчүн уруксат бербешин. Биздин ыйгарым укуктарыбызда жерди берүү каралган эмес", - деп айтылат маалыматта. 


Жогоруда айтылган иш-чаралар боюнча арыз ээси М.Медеркуловдун арызы боюнча материалдар тиркелет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн