Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Баткенде мектептен кайткан 4 окуучуну 30 тажик бала сабаган

23.09.2021 20:04
1691
Баткенде мектептен кайткан 4 окуучуну 30 тажик бала сабаган

Бүгүн, 23-сентябрда саат 13:10 чамасында Баткен районунда 4 окуучуну тажикстандык окуучулар сабады. Бул тууралуу Turmush басылмасы  өздүк булактарына таянып билдирди.


Маалыматка караганда, райондун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектебинин 8-классынын 4 окуучусу сабактан чыгып, үйүнө кайтып бара жаткан. Ошол учурда аларды Тажикстандын Исфара районунун Майский айылындагы 30 чакты окуучу сабаган. 4 окуучуну тез жардам унаасы Баткен шаарына алып кетти.



Тажикстандын Сомониен аймагында тажик жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүнө таштарды ыргытышкан.


Сабалган балдар:


- 2007-жылы туулган М.Ж.


- 2007-жылы туулган О.М.


- 2007-жылы туулган Н.М.


- 2007-жылы туулган Ш.Б.


Балдар мектептен чыгып, М.Назаров көчөсү аркылуу үйүнө бара жаткан учурда Тажикстандын Майский айылындагы мектептин 30дай окуучусу урган. Жогорудагы окуя боюнча Көк-Таш айылында Баткен РИИБдин башчысы А.Шагамурзаев менен Тажикстандын Исфара-2 РИИБнин жетекчиси Анвар Рахманзода сүйлөшүү жүргүзүүдө.


Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев Ош толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында бул окуяга кыргызстандык окуучулар күнөөлүү экени тууралуу маалымат пайда болгон. Ал такталбаган жана туура эмес маалымат таратпоого чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн