Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде милиция балдарды мекенчилдикке үндөгөн иш-чара өткөрдү (Фото)

22.04.2021 11:35
796
Баткенде милиция балдарды мекенчилдикке үндөгөн иш-чара өткөрдү (Фото)



Баткен районунун Бужум айылындага “Шарап Токсонов” атындагы орто мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында жана жашы жете электерге карата кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка бөгөт коюу максатында милициянын ачык эшик күнү өткөрүлдү. Мектеп окуучуларын ынтымакка чакырган бул иш-чара Баткен РИИБи тарабынан уюштурулуп район аймагындагы 15 орто мектептин 8-9-10-11-класстардын окуучулары катышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.




Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир баланын патриоттук аң-сезимин ойготуу, мекенди сүйүү, улууларды урматтоо, ошондой эле мектептер ортосундагы ынтымакты бекемдөө боюнча сөздөр айтылып, милициянын жаш жардамчылары өздөрүнүн тарбиялык маанидеги көрсөтүүлөрүн көрсөтүштү. Баткен ОИИБнын кинология кызматы кызматтык иттердин кесиптик чеберчилиги менен көрсөтүүлөрдү жасашты.


Андан соң спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында 1-орунга Б.Акматов, 2-орунга Чоң-Талаа, 3-орунга Т.Садыков орто мектептери жетишип, Баткен РИИБнин жетекчилиги тарабынан даярдалган сыйлыктарга ээ болушту.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн