Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:31
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде милиция чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

09.09.2021 15:28
2095
Баткенде милиция чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Баткенде милиция чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери Кыргызстанда эмгектенип жашаган чет элдик жарандар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Ошондой эле, диний экстремизмди алдын алуу боюнча бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.


ЭММКАК кызматкерлери Кыргызстанда эмгектенип жашаган чет элдик жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын үйрөнүүгө жана мыйзамдуулукту сактоого чакырышты. Облус аймагында кайсы өлкөнүн жараны болбосун тутунган динине, расасына, улутуна карабастан ынтымакта болуу керектигин эскертишти. Ошондой эле аларга өлкө аймагында тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар берилди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн