Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде милиция дарыгерлер менен кошо иш алып барууда (фото)

05.05.2021 13:15
837
Баткенде милиция дарыгерлер менен кошо иш алып барууда (фото)


Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара тилкелеринде чыккан ок атышуулардан улам жергиликтүү тургундар 29-30-апрель күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан коопсуз жерлерге эвакуацияланып көпчүлүк турак-үйлөр бош калган. Азыркы күндө жергиликтүү тургундар өз аймактарына келип жашап жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери алардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-кайрылууларын кабыл алышууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйругу менен Ош, Жалал-Абад областарындагы милициянын көчмө кабылдамалары кошумча жардамга келишип, жергиликтүү элге жардам берүүдө.


Милициянын көчмө кабылдамасында милиция кызматкерлери менен биргеликте, дарыгер, психологтор иш алып барышууда.


Азыркы күндө Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара аймактарында абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн