Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Баткенде милиция кызматкерлери элге ысырапкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

28.02.2022 11:25
882
Баткенде милиция кызматкерлери элге ысырапкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Баткенде милиция кызматкерлери элдерге ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен районунун Бужум, Кара-Бак айылдарында Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев айыл башчылары менен биргеликте жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирип, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 


Элдер менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, кур намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды.


Элет жергеси бул Жарлыкты колдоорун айтышып, “заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы”- деп билдирип өтүштү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн