Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:29
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде милиция кызматкерлери карыяларды куттуктады

11.10.2021 14:40
550
Баткенде милиция кызматкерлери карыяларды куттуктады


“Карысы бардын ырысы бар” дегендей жыл сайын милиция кызматкерлери карыялар күнүнө карата облус аймагындагы аксакалдарыбызды, ак саамай энелерибизди майрамдары менен куттуктап келишет.


Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Бороновтун тапшырмасы менен жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери аймактарында жашаган улгайган чоң ата, чоң апаларыбызды майрамы менен куттукташып, алардын баталарын алышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Лейлек РИИБнин начальниги милициянын подполковниги Болот Кундузов Исфана шаарынын тургуну 1928-жылы туулган Байматова Темиржан энебизден жана ден соолугуна байланыштуу ооруканада жаткан КР ИИОнун ардагери 1947-жылы туулган Абдулазизов Аваз аваларыбызды майрамдары менен куттуктап алардан кабар алды.


Ал эми Баткен ОИИБнын жетекчилиги КР ИИОнун ардагерлери 75 жаштагы Ниймат Арапов менен 68жаштагы Төрөев Умарбайларды майрамдары менен куттуктап азык-түлүк, шириндиктерди тапшырды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн