Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:40
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Баткенде милиция кызматкерлери мамлекеттик туу күнүн белгиледи

03.03.2022 11:36
1523
Баткенде милиция кызматкерлери мамлекеттик туу күнүн белгиледи


Бүгүн, Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери жер-жерлерде мамлекеттик Туунун 30 жылдык майрамын белгилешти. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Саптык тизилүүдөгү өздүк курамга Кыргыз мамлекеттик символдорунун жаралуу тарыхы жеткирилди. 

Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги К.Салиев мамлекеттик туу эгемендиктин, биримдиктин, Мекенге болгон сүйүүнүн, жаратмандыктын символу болуп, баарыбызга жаңы жетишкендиктер менен жаңы ийгиликтерге дем берип тураарын айтып, өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен куттуктады. 


Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов дагы өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен куттуктап өлкөбүзгө тынчтык жана туруктуулукту, кыргыз желеги ар дайым желбиреп турушуусун каалап кетти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн