Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткенде милиция кызматкерлерине мамлекеттик тилде туура иш жүргүзүү боюнча семинар өттү

12.04.2022 17:26
897
Баткенде милиция кызматкерлерине мамлекеттик тилде туура иш жүргүзүү боюнча семинар өттү


      Баткен облусундагы район-шаардык жана аймактык ИИОдо жүргүзүлүп жаткан иш кагаздардын деңгээлин сабаттуулугун жана сапатын ошондой эле туура жазылуусу боюнча текшерүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


      2022-жылдын 11-12-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Айбек Орозакунов жана башкы адис Дастан Бердибековтор Баткен облусунда иш сапары менен болуп кызматкерлерге жүргүзүлүп жаткан иш кагаздардын мамлекттик тилде туура жазылуусу боюнча семинар-кеңешмелерди өттү.

    Семинар-кеңешмеге катышкан кызматкерлер тарабынан суроолор берилип, усулдук жардамдар көрсөтүлдү.


    Жыйындын аягында милициянын майору Динара Жусупова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн