Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 02:15:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Баткенде милиция окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

14.06.2022 15:34
1109
Баткенде милиция окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Милициянын көчмө кабылдамасы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


     Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактардагы мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.  

     

Учурда мамлекеттик экзамен тапшырып жаткан 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка барбоо, өз алдынча кафе-ресторандарда иш-чараларды белгилебөө, ата-энелеринин коштоосуз тоолорго чыгууга тыюу салынгандыгын эскертишүүдө.

     

Жолугушууда мектеп окуучулары өз алдынча  тыюу салынган жерлерге сууга түшпөө, түнү максатсыз  өз алдынча көчөдө жүрбөө, бул багытта  ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

   

 Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Б.Набиев, Хамза, Достук,  Кыргызстандын 60 жылдык атындагы орто мектептеринин 9, 11-класстын окуучулары менен жолукту.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн