Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 20:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Баткенде милиция сууга түшпөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

29.06.2021 12:29
686
Баткенде милиция сууга түшпөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө



Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдүн коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Район аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ар түрдүү оюн-зоокторду, автоунаалар менен кортеждерди уюштуруп жол жүрүүгө бөгөт коюу максатында мектеп мугалимдери, ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Ошондой эле пандемия учурунда санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, кооптуу болгон суу топтолгон көлмөлөргө түшпөө боюнча эскертүүлөрдү милициянын көчмө кабылдамасынын үн чыгаруучу каражаты аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.


Баткен РИИБнин милиция кызматкерлеринин демилгеси менен кооптуу көлмөлөргө сууга түшүүгө болбогон каналдарга, арыктарга 2 ай аралыгында 100 ашуун эскертмелер, тактайчалар илинди.


Жыл башынан бери Баткен районунун аймагында 1 жаш өспүрүмдүн сууга чөгүү фактысы катталып, каза болгон.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн