Теке 28, 2025
Убакыт: 03:19
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Баткенде милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

06.05.2022 15:03
765
Баткенде милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


      Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын Токтогул-Олуя конушунун тургундары менен милиция кызматкерлери жолугуп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

 

    Милиция жергиликтүү тургундарга үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу, ысырапкерчиликке жол бербөө, ошондой эле каникул убагында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун колго алуу боюнча маселелерди көтөрдү. 

 

    Милициянын көчмө кабылдамасына жергиликтүү тургундар тарабынан социалдык мааниде 3 кайрылуу кабыл алынып, тийиштүү мекеме-ишканаларга жөнөтүлдү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн