Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде мигранттардын колдоосу менен муктаждарга бекер азык-түлүк берген дүкөн ачылды

22.09.2023 17:25
403
Баткенде мигранттардын колдоосу менен муктаждарга бекер азык-түлүк берген дүкөн ачылды


Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин демилгеси менен Баткен шаарында "Элден элге жардам" кайрымдуулук дүкөнү ачылып, иштеп жатат. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.


Баткен шаарынын тургундары Жумабай Шакиров, Дамира Шакирова жана Айбек Надировдун демилгеси алгач Россияда иштеген кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болгон. Алар дүкөндү каржылоо үчүн атайын эсеп ачып, ай сайын акча которуп турууну макулдашкан.


"Топтолгон каражатка турмуш-тиричиликке керектелүүчү негизги азык-түлүк алынып, текчелерге коюлат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жардамга муктаж жалгыз бой энелер, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр келип азык-түлүк алып кетсе болот. Дүкөн ачылгандан бери 200 адам жардам алды. Аталган демилгени учурда АКШда эмгектенген мекендештер, жергиликтүү колунда бар тургундар да колдоого алып, жардам берүүнү каалагандардын катары көбөйүүдө", — деп айтылат маалыматта.


Дүкөндүн уюштуруучулары муктаж адамдарды аныктоодо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген тизменин негизинде иш алып барат.


Ал дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Самат Сыдыков көчөсүндө жайгашкан. Жардам алууну жана берүүнү каалагандар +79629530231 WhatsApp номери аркылуу байланышса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн