Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткенде окуучу кыз бычактан алган жараатынан улам каза болду

Баткенде окуучу кыз бычактан алган жараатынан улам каза болду


Баткенде жогорку класстын окуучусу бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 15-апрелде саат 21:05 чамасында 16 жаштагы К.А. аттуу кыз денесинин эки жеринен бычактан жаракат алып, Баткен облустук борбордук ооруканасына түшкөн.

Аталган маалымат Баткен РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Азыркы учурда А.К аттуу кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн