Теке 28, 2025
Убакыт: 03:21
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Баткенде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

26.04.2022 15:08
976
Баткенде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Баткен шаарындагы мектептерде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен шаарындагы №3 А.Имаров, жана Кызыл-Жол орто мектептеринин окуучулары менен Баткен ШИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору жолугуп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, алардын жүрүм-туруму боюнча талкуулар болду. Ошондой эле мектеп окуучулар арасындагы укук бузуулардын, зордук-зомбулуктурдын алдын алуу боюнча лекциялар окулду, баарлашуулар жүрдү.


Быйылкы жылдын 3 ай аралыгында Баткен шаар аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан 2 кылмыш катталып, бети ачылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн