Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Баткенде өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө эки жаран куралдарын өз ыктыяры менен өткөрүп берди

04.01.2022 11:23
1243
Баткенде өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө эки жаран куралдарын өз ыктыяры менен өткөрүп берди

Сүлүктүдө 2 жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлүп, каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарын, жардыруучу, уулу зат сакталган кампалардын сакталуу эрежелерин, текшерип чыкты.


Жалпысынан 400гө жакын кожолук текшерилип, ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренеси (ок атуучу, газ пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу) менен бир жаранга прокол түзүлдү.


Мындан сырткары Сүлүктү шаарынын 2 жараны мыйзамсыз сактап жүргөн 2 сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн