Учтун айы 24, 2025
Убакыт: 06:02
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.870
0.900

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

10.07.2024 18:26
368
Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды


Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.

Ошондой эле Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырым аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн