Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баткенде шахтадагы газга 4 адам ууланып каза болду

24.06.2020 09:44
1391
Баткенде шахтадагы газга 4 адам ууланып каза болду


Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтадагы газга 4 адам ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан. Алар 73, 37, 19 жана 34 жашта экени айтылат.


Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн