Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде шайлоого карата милициянын горнизондук кароосу өттү (Фото)

05.04.2021 13:55
822
Баткенде шайлоого карата милициянын горнизондук кароосу өттү (Фото)


Алдыбыздагы 11-апрель күнү өтө турган референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов горнизондук кароо өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Бул горнизондук кароого Кыргыз Республикасынын ИИМнин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Баткен райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы катышып, шайлоого карата даярдыктары текшерилди.


Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов өздүк курамга кайсы бир партиянын кызыкчылыгын коргоого, коштоп жүрүүгө тыюу салынаарын айтып, административдик ресурс боюнча маселе жаратпоого чакырып, коомдук тартипти камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу, түшкөн маалыматтарга ыкчам аракеттерди көрүү ар бир милиция кызматкеринин милдети экендигин эскертти.


Горнизондук кароонун жыйынтыгында ар бир бөлүктөр саптык кадам менен өтүштү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн