Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде тойдон массалык уулануу катталды

01.08.2022 09:15
664
Баткенде тойдон массалык уулануу катталды


Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда тойдон адамдар массалык түрдө ууланды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

250 адам катышкан той кечээ күнү өткөн. Бүгүн саат 19:30га карата уулангандардын саны 58 адамга жеткен. Алардын ичинен төрт аял жана эки бала (6-2 жашта) ооруканага түшкөн. Балдар Кадамжайдагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Абалдары орточо оор.

Алгачкы жабырлануучулар (48 адам) медициналык жардамга кечээ кечинде кайрылышкан. Алардын дене табы көтөрүлүп, алсырап, ичи өткөн.

“Сурамжылоо учурунда жабыркагандар эттен жана салаттардан башкача жыт чыгып турганын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда кафеге санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн