Баткен районунда жол кырсык катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, «Daewoo Matiz» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1967-жылы туулган айдоочу каза болуп, 1976-жылы туулган жана 1990-жылы туулган 2 адам жабыркады.
Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жабыркаган адамдарды тез жардам кызматы ооруканага алып кетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн