Кызыл-Кыяда жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы ыйык орозо айында жаш өспүрүмдөр жарамазанды автоунаа өтүүчү жол четиндеги ашкана-кафелерге, эл көп жыйылчу соода борборлоруна айтышкандыктан алардын коопсуздугун сактоо максатында Кызыл-Кыя ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери түн ичинде атайын рейддерди уюштурууда.
Ооз ачылгандан кийинки убакта жаш өспүрүмдөр ата-энелеринин көзөмөлүнөн чыгып акча табуу максатында кооптуу жерлерде жарамазан айтып жүрүшкөндүктөн, аларга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындан сырткары таравийх намазыдан кийин өз алдынча жүрүп, топтошуп мушташуулардын, укук бузууларга жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери мечиттерге барып, таравийх намазына келген жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөп түшүндүрүүдө.
Түнү ата-энесинин көзөмөлүнөн чыгып, өз алдынча жүргөн 5 өспүрүм кармалып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн