Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде жол кырсыгына кабылган жарандан тапанча табылды

Баткенде жол кырсыгына кабылган жарандан тапанча табылды

Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылган унаадан ок атуучу курал менен баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.


  Маалыматка ылайык,  2022-жылдын 28-августунда саат 04:00 чамаларында Кадамжай районунун Анкур-Сай участкасындагы “Ош-Баткен-Разаков” жолунун 126 чакырымында жол кырсыгы катталган. Ал жол кырсыгына ыкчам тергөө тобу ошол заматта чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп жаткан учурда жол кырсыгы болгон жерге келип токтогон “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү автунаасынын ичинен эки жаран түшүп, бул жол кырсыгына кабылган автоунаа бизге караштуу деп билдиришкен. Бул жарандардын кыймыл-аракетинде шек санаткан белгилер бар болгондуктан Кадамжай РИИБдин БМЖККнын ыкчам кызматкери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, жогорудагы автоунаасынын бардочогунан “ПМ” үлгүсүндөгү тапанчасы эки кутучасы (магазин), 16 даана огу жана болжол менен баңгизатка кирген бир даана синтетикалык зат табылып алынган.


Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” менен кылмыш иши козголуп, бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун тургуну 27 жаштагы Ю. Ф. М. кармалып, Кадамжай РИИБдин УКЖга киргизилди. 


Жогорудагы аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн