Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде жол жээгинде соода кылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

25.08.2022 09:29
921
Баткенде жол жээгинде соода кылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткенде жүк ташуучу ууналарын жолдун жээгине токтотуп, соода-сатык иштери менен алектенген жарандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады. 


Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы менен милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү,  балдар менен иштөө инспекторлору  2022-жылдын 24-июль күнү базар аймагындагы жолдордун четинде  жүк ташуучу ууналарын токтотуп, соода-сатык кылып турган  жарандарга ар кандай кылмыштуулукту  жана укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузбоолору эскертилип, жол четинде туруп соода-сатык иштерин кылганга мүмкүн эместигин бир иреттен эскертүү беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп  өтүштү.


Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз иш алып барып, шаар тургундарына сервистик тейлөөлөрдү убагында жүргүзүп жатат.

  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн