Акыйкатчы институту журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жазага тартылганын маалымдаган. Кийинчерээк облустук ички иштер башкармалыгы Баткен РИИБдин кызматкерлери башка иш боюнча тартиптик жазага тартылганын кабарлады.
"Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин тапшырмасы менен атайын түзүлгөн топ Баткен РИИБдин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшерген. Анда мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган. Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп 2022-жылдын 15-апрель күнү корутунду чыгарган. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен Баткен РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин нөөмөт бөлүмү жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басары ээлеген кызматынан бошотулган. Тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБдин кызматкерлеринин журналисттин өлүмүнө шектелип кармалган блогердин үстүнөн козголгон кылмыш ишине тиешеси жок", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн