Коңшулаш Тажикстан менен мамлекеттик чек аралар толук чечиле электигинен улам чек арага жакын жашаган айылдардагы эки өлкөнүн жергиликтүү жашоочуларынын ортосунда узак жылдардан бери карай эле маал-маалы менен чыр-чатактар чыгып келатат.
Бул жолу 28-апрелде Баткен облусундагы Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки өлкө жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Маалыматка караганда бул күнү тажик тарап «Головной» тилкесиндеги электр мамыларына видеокамераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери ал жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы аттуу жерден ок атылган. Ал мергенчи мылтыгынан атылган ок экени божомолдонууда.
Ошентип эки тараптын ортосунда чыр чыгып, 100-150дөй киши бири-бирине таш ыргытышкан. Бул окуяны чагылдырган видеотасмалар интернет айдыңында кеңири тарады. Эки тараптан тең жаракат алгандар болгону айтылууда.
Чырдын башы эмнеден улам келип чыкканы түшүнүктүү болуп турат. «Головной» тилкесиндеги электр мамыларына өзүм билемдик менен видеокөзөмөл орнотууга Тажикстан тараптын эч кандай укугу жок эле. Баарынан кызыгы, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын башчыларынын жолугушуусунан кийин Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери Ак-Су дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасындагы маселелерди жеринде чечүү үчүн облус башчыларынын тапшырмасы менен барышкан. Ошондо Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видеокамераларды алуу тапшырмасын аткаруудан баш тарткан. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сунуш-пикирлерине да макул болгон эмес. Натыйжада пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын ортосунда бири-бирине таш ыргытуулар орун алып отурат.
Ушундан улам, эмне себептен Исфара районунун акими облус жетекчилеринин тапшырмасын аткаруудан баш тартты деген суроо жаралат. Анын үстүнө интернет айдыңында тажик тараптын согушка даярдык көргөн сыяктуу атайын траншеялары даярдап алышканын тастыктаган сүрөттөр тарады. Бул кыргыз тарапка жасаган атайылап сүр көрсөтүү эмеспи? Атайын провокация жасап жатышкан жокпу?
Бул чек арага жакын аймактагы башкы суу бөлүштүрүлүүчү жай («Головной») 1960-жылдары Кыргыз ССРинин өтүнүчү менен куралганы белгилүү. Жер дагы Кыргызстанга гана таандык. Ошентип өзүбүздүн жерди өзүбүзгө ээ кылдырбай, талашып жаткан тажик туугандардын аракетин кандай баалайбыз?
Кыргызга бөлөк элдин, бөлөк мамлекеттин жеринин кереги жок. Ал эми өзүнө тиешелүү жерди эч кимге бербейт. Албетте, коңшу өлкөлөр ортосундагы ар кандай маселелер дипломатия жолу менен чечилиши керек. Бирок, биздин премьер-министр У. Мариповдун ушул жылдын 3-февралында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга алдырылып кеткен дегендей айткан болчу. Балким, анын ушул сөзү тажик тарапка кошумча дем берип койгон жокпу? Ырас, кийин У. Марипов «Головной» тууралуу эмес, «Кайырма» каналы тууралуу айткам деп билдирген. Бирок, анын Жогорку Кеңеште эмне деп сүйлөгөнүн жалпы коомчулук көрбөдү беле. Кыязы, ошол сөзү үчүн эми өкмөт башчы дагы бир жолу жооп берип, Баткендеги чыр чыккан аймакка өзү барып келиши керек болуп калды.
Согуштан, ар кандай куралдуу жаңжалдардан эч ким утпайт. Эки тарап тең утулат. Адам өмүрлөрү кыйылат. Карапайым элдин көз жашы агат. Андыктан бул маселени эки өлкөнүн бийликтери тез арада сүйлөшүү жолу менен чечип, чекит коюлары керек. «Головной» тилкеси эч кандай талаш жер эмес, Кыргызстандын аймагында экенин тарыхый документтер далилдеп турат. Андыктан «Өзгөнүкүн талашпайбыз, өзүбүздүкүн бербейбиз» деген принцип катуу кармалышы керек.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн