Бугу 08, 2024
Убакыт: 12:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Баткендеги азыркынын Дүйшөнү

03.05.2021 23:56
1153
Баткендеги азыркынын Дүйшөнү


Азыркынын Дүйшөнү, кооптуу мектеп коргоочусу - Гапыр Мадаминов


Лейлектеги чек арада (Жаштык айылы болсо керек) жайгашкан өзгөчө берекелүү мектептин директору, "Энелер мектебинин" негиздөөчүсү, педагог-новатор Гапыр Мадаминов Тажикстан баскынчылары келип, коркунуч туудуруп, айылды аткылап турса да "мектепти таштап кетпейм, китептерди өрттөп, мектепти талкалап салышат" деп 2 күн коргоп жатты. Айыл тургундары Сүлүктүгө качып чыгышып, бакубат жаштар гана ал айылда калган болчу. Агайга чалып, "сиз келечек үчүн керексиз, сизди чыгарып кетели ал айылдан" десек, "жаштарга дем болоюн, согуша албасам да жардам берип турайын" деп көнбөй койду эле. 


Кудайга шүгүр! Аман калышты. Эми минтип, министр Алмаз Бейшеналиев кабар алганы барса, батына албай, кучактап, көксөөсү канып, жүрөгү жай алып отурат.


Аман болуңуз азыркынын Дүйшөнү! Чептен эрдин күчү бек деген ушул го. Сиздей инсандар бизге чек арадан бекем туруп бердиңиздер!


Бектур Токтоноев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн