Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

07.08.2020 12:05
1349
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта "Азаттык" радиосуна Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү. Топтолгондор болгон жок. Ички коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп жатат. Бүгүн да эки тараптуу жолугушуу өтүшү ыктымал.

Эске салсак, кечээ, 6-августта саат 19:30 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргызстандык жаранга белгисиз тараптан эки ок тийип, жарадар болгон. Ал ооруканага жеткирилген. Абалы орточо оор деп кабарланган.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуя такталып жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин, кошумча маалымат берилерин кабарлаган.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында да курал колдонулган окуя катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан атканын кабарлаган. Маалыматка караганда, чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болгон, дарыгерлер абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Ок атылган эки окуя боюнча тең иликтөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн