Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:00
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Баткендеги өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11,6 млн сом которулду

04.05.2021 14:54
777
Баткендеги өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11,6 млн сом которулду

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 11 млн 684 миң 805 сом каражат которулган.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин атайын буйругу чыккан. Бул боюнча облустук комиссия түзүлгөн.


Ошондой эле Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572, 931 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Анын 515, 81 тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 57,850 тоннасы кампада сакталууда. Гуманитардык жардам катары, негизинен азык-түлүк, кийим кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар келүүдө


Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын КР өкмөтү, КР Жогорку Кеңеши, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, Бириккен Араб Эмираттары, “Кызыл Ай” коому ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар, кайдыгер карабаган катардагы жарандар түзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн