Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:29
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Баткендеги үйлөрдүн курулушу: Куруучулар айлыктарын ала албай жүрөт

20.04.2023 11:54
486
Баткендеги үйлөрдүн курулушу: Куруучулар айлыктарын ала албай жүрөт

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча маселе көтөрдү.


Анын айтымында, субподрядчы компания курулушчулардын акысын бербей жүрөт.


"Баткенди калыбына келтирүү жумуштары жакшы эмес. Башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" жалпы жумуштарды алып, "Доор курулуш" деген субподрядчыга берген. Өз кезегинде ал кайра суб-субподрядчыларга 5-10дон үйдү таратып салган. Ошентип отуруп эки айда деген жумушту жети айдан бери бүтүрө элек", — деди Ражабалиев.


Эл өкүлү мунун айынан тургундар үйлөрүнө кире албай, куруучулар эмгек акысын ала албай жүргөнүн белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн