Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:18
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Баткенден эч ким жок. Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү кайсы жердин кулундары? (тизме)

02.02.2021 18:25
10079
Баткенден эч ким жок. Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү кайсы жердин кулундары? (тизме)

Жакынкы күндөрдө жаңы өкмөт ишке киришет. Кечээ көпчүлүк коалициянын, бүгүн тармактык комитеттин элегинен өттү.  Болгону Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жактырылса өкмөт мыйзамдуу түрдө бекитилет.

Марипов баштаган өкмөт курамы мурдагы караганда бир топ кыскарган. 

Биз жаңы өкмөт курамынын кайсы жердин кулуну экенине кызыгып көрдүк.


1.Премьер- министр - Улукбек Марипов (Ош, Ноокат району)


2. Биринчи вице-премьер - Артём Новиков (Бишкек)


3. Экономика жана финансы минстрлиги - Улукбек Кармышаков (Ош, Кара-Кулжа району)


4. Өкмөттүн Аппарат башчысы - Жеңиш Асанкулов (Жалал-Абад, Кара-Көл шаары)


5. Коргоо министрлиги - Таалайбек Өмүралиев (Нарын, Кочкор району)


6. Тышкы иштер министрлиги - Руслан Казакбаев (Талас, Кара-Буура району)


7. Юстиция министрлиги  - Асель Чынбаева (Чүй, Кара-Балта)


8. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги  - Алымкадыр Бейшеналиев (Чүй, Кемин району)


9. Билим берүү жана илим министрлиги  - Алмазбек Бейшеналиев (Нарын, Ат-Башы району)


10. Маданият, маалымат жана спорт министрлиги  - Кайрат Иманалиев (Бишкек)


11. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - Бообек Ажикеев (Ош, Өзгөн району)


12. Ички иштер министрлиги  - Уланбек Ниязбеков (Талас, Бакай-Ата району)


13. Транспорт, архитектура жана коммуникация министрлиги - Гулмира Абдралиева (Чүй, Кемин району)


14. Энергетика жана өнөр жай министрлиги - Кубанычбек Турдубаев (Чүй облусу)


15. Айыл, суу чарба жана аймактык өнүгүү министрлиги - Аскарбек Джаныбеков (Ысык-Көл, Ак-Суу району)


16. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет - Камчыбек Ташиев (Жалал-Абад, Сузак району)

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Баткен
Садыргада баткен эли шайлоодо эле керек болгон экенда Улукбек Кочокорвду эстеп койсо болмок эле
Күмүшай Худаярова
Оа, бирок Улукбек Кочкоровду эле эмес бизге окшогон жаш адистерге кообүүрөөк көнүл бурсаныз Урматтуу КР Президенти Садыр ЖАПАРОВ
Давладиер Хасанов
Баткенден мен коргоо министри койбоптур да. Каап.
Орозбай
Эмнеге Баткен обласынан жок
Жалалидин
Баткенде жетекчи болуучу кадр толтура, бирок азыркы жаны бийлик тен салмакты (баланс) сактоо дегенди билбейт окшойт? Макул тен салмакты карабай, кесипкой Окмот куралды десек, андай эмес эле жоош, айтканды так аткарган жетекчилер келди.
Боло шах
Акылдуу билимдуу жондомдуу уул кыздарынарды дайындай бергиле кузгу парламенттик шайлоодо люстирация болот, азыркылар эптеп туруктуулукту кармап туруу узун аргасыздан макулдук
Минай
Туура айтасыз
Назира
Чынында Масалиев Баткендик болгондуктан Акаев келген