Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаевге сот өкүмү чыкты

23.06.2020 15:32
1155
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаевге сот өкүмү чыкты


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум уланууда.


Бүгүнкү отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто акыркы сөзүн айтуудан баш тарткан. Ал эми буга чейин соттор аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

     

Кеңешме бөлүмүнөн чыккан судья Эмилбек Каипов Алмазбек Атамбаевди мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга эркинен ажыратты.


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн