Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму жылдырылды

19.06.2020 18:41
811
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму жылдырылды


Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү отурумда тараптарга сөз берилбей калгандыктан соттук отурум 23-июнь саат 09:00гө жылдырылган.


Жактоочулардын айтымында кийинки отурумда айыпталуучуларга өкүм чыгышы мүмкүн


16-июнда отурумда мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди жана Индира Жолдубаеваны мүлкүн камакка алуу менен 15 жылга эркинен ажыратып, бардык мамлекеттик наамдарынан ажыратууну, калган айыпталуучуларды 13 жылга эркинне ажыратууну суранышкан


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн