Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумуна Атамбаев келген жок

16.06.2020 17:23
904
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумуна Атамбаев келген жок

 

Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп, анда жарыш сөз башталды.


Жактоочунун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот отурумуна ден соолугуна байланыштуу келген эмес. Учурда сотто тараптар жарыш сөзгө өткөн.


Эске салсак, отурумдун башында жактоочу Замир Жоошев Атамбаев сот отурумуна катышуусу керектиги тууралуу жана акыркы сөзүн айтууга укугу бар экенин айтып, судьяга өтүнүчүн келтирген.

 

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн