Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумунда жарыш сөз орун алууда

23.06.2020 14:11
1411
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумунда жарыш сөз орун алууда


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп, анда жарыш сөз уланууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда тараптардын жарыш сөздөрү улантылып, мурдагы президенттин жактоочуларнын бири жарыш сөзгө чыккан. 


16-июнда отурумда мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди жана Индира Жолдубаеваны мүлкүн камакка алуу менен 15 жылга эркинен ажыратып, бардык мамлекеттик наамдарынан ажыратууну, калган айыпталуучуларды 13 жылга эркинен ажыратууну суранышкан


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн