Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумунда айыпталуучулар сүйлөдү

18.06.2020 17:49
865
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумунда айыпталуучулар сүйлөдү

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп, анда айыпталуучулар сүйлөштү.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июнда тараптардын жарыш сөздөрү улантылган. Айыпталуучулар Абдухалим Раимжанов, Калыбек Качкыналиев жана жактоочу У.Карабаев сөздөрүн сүйлөштү.


Жактоочу Сергей Слесаревдин жарыш сөзгө даяр эместигине байланыштуу, сот эртең, 19-июнь саат 10:00гө чейин тыныгуу жарыялаган.


16-июнда отурумда мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди жана Индира Жолдубаеваны мүлкүн камакка алуу менен 15 жылга эркинен ажыратып, бардык мамлекеттик наамдарынан ажыратууну, калган айыпталуучуларды 13 жылга эркинне ажыратууну суранышкан


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн