Бугу 21, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Байден Украинага 400 миллион долларлык жардам бөлүү боюнча жарлыкка кол койду

09.07.2022 11:22
727
Байден Украинага 400 миллион долларлык жардам бөлүү боюнча жарлыкка кол койду


АКШ президенти Жо Байден Украинага кошумча 400 миллион доллар аскерий жардам көрсөтүүгө буйрук бергени Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. 


Документке ылайык, Байден АКШнын мамлекеттик катчысына "АКШнын Коргоо министрлигинин коргонуу каражаттарына жана кызматтарына, аскердик машыгууларга жана билим берүү үчүн Украинага жалпы суммасы 400 миллион долларга чейин бөлүүгө" уруксат берген.


Өлкөнүн Коргоо министрлигинин айтымында, аскердик жардамдын жаңы пакети дөңгөлөктүү шассидеги төрт HIMARS көп жолу ракеталык системаны, алар үчүн ок-дарыларды жана артиллериялык снаряддарды камтышы керек. Ошентип, Украинада ракета системасынын жалпы саны он экиге жетет.


Белгилей кетсек, буга чейин Пентагондун жогорку даражалуу расмий өкүлү Байден жума күнү, 8-июлда Киевге 400 миллион доллар бөлүү боюнча жарлыкка кол коет деп билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн