Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Байлыгын бөлүшө билбеген кишиге жыйган-тергени оорчулук, түйшүк гана алып келет...

20.11.2023 09:43
156
Байлыгын бөлүшө билбеген кишиге жыйган-тергени оорчулук, түйшүк гана алып келет...


Ийгилик бизди жоомарт кылат.

(Шарлота Бронте)


Ыраазычылык күтпөй жасалган марттык – чыныгы марттыкка жатат.

(Коко Шанель)

                            

Марттыктын чеги болбойт.

(Марк Туллий Цицерон)


Март киши баардык нерседе март болот.

(Джоанн Харрис)


Берген кишиге бешөө көп көрүнөт, алган кишиге алтоо аз көрүнөт.

(Өзбек накылы)


Өзүңө калтырбай берген – бул марттыктын жеткен чеги. Марттыкты унчукпай жасаган – эрдиктин белгиси.

(Алишер Навои)


Бирдеке алгың келсе, адегенде бергенди үйрөн.

(Эндрю Метьюз)


Байларда марттык жок, жоомарттарда байлык жок.

(Вагиф)


Байлыгын бөлүшө билбеген кишиге жыйган-тергени оорчулук, түйшүк гана алып келет...

(Джон Толкин)


Ийгиликтүү кишилер март эмес, март кишилер ийгиликтүү.

(Патти Тор)


Кокусунан байып калган киши өзгөчө кайрымдуу болот.

(Джон Стейнбек)


Жарты бүтүнгө караганда да берекелүү.

(Гесиод)


Эгер акчасын жакшы төлөсөң, сүйүүнү да сатып алса болот.

(Юлия Шилова)


Кокусунан эле март боло калуу - өнөкөт сараңдыктын бир симптому.

(Геннадий Малкин)


Байлык марттык менен өлчөнөт.

(Андрей Лаврухин)


Жоомарттын байлыгы түгөнбөйт.

(Ригведа)


Чыныгы баатыр өзүнүн жоомарттыгына мактанбайт.

(Алишер Навои)


Сараңдык – шайтандан, марттык – Кудайдан.

(Иоанн Кронштадтский)


Чыныгы март артып калганын эмес, акыркысын берет.

(Ирина Залетаева)


Сараңдык – дененин алачыгы, марттык – жандүйнөнүн храмы.

(Владимир Кафанов)


Бизди тандаганда байлыгыбызга карап тандап, узатканда марттыгыбызга карап узатышат.

(Гарри Симанович)


Март киши бай, сараң киши жарды.

(Сергей Федин)


Королдор тамаша айтканда атүгүл дүлөйлөр да күлүшөт.

(Андрей Соколов)


Сүйүүнү акчага сатып алалбайсың. Акчаң жок болсо, огобетер сатып алалбайсың.

(Игорь Карпов)


Эгер сен ак көңүл, жоомарт болсоң, анда эмнеге мынчалык байсың?

(Валерий Афонченко)


Бергенден эч ким жарды болуп кеткен эмес.

(Анна Франк)


Бакыт – бул биз алгандын эмес, бергендин натыйжасы.

(Бен Карсон)


Жүрөгү сүйүнүп берген кишилер бар. Сүйүнүч – бул аларга берилген сыйлык.

(Халил Джебран)


Сиз сүйүүсү жок беришиңиз мүмкүн, бирок бербей туруп сүйө албайсыз.

(Эми Кармайкл)


Бар кезинде акчаңды чачып кал!

(Омар Хайем)


Марттык сыйлыкка муктаж эмес. Марттыктын өзү сыйлык.

(И.Ливри)


Өз акчаңа март, мамлекеттин акчасына сараң болуш керек.

(Федор Ушаков)


Ыйлаган киши ыйлабаган кишиге караганда март болот.

(Гюнтер Грасс)


Март дасторкон эч качан куру болбойт.

(Федор Радецкий)


Атыр гүл өзүнүн сулуулугун эч аянбай, акысына эч нерсе сурабай тартуулайт, ушундан улам ал огобетер керемет көрүнөт.

(Омар Хайем)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн