Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 17:14
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Байлыкка жетүүнү ойлосоңуз, төмөнкү төрт сапатка ээ болуңуз!

22.09.2025 15:28
13
Байлыкка жетүүнү ойлосоңуз, төмөнкү төрт сапатка ээ болуңуз!


Көпчүлүк үчүн ийгиликтүү көрүнүү – бай болуу дегенди түшүндүрөт. Эгер сиз Рокфеллерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн эмес болсоңуз, анда өзүңүздө төмөнкү сапаттарды өнүктүрүшүңүз керек:


Өжөрлүк


Кандай гана көйгөй, тоскоолдук же ийгиликсиздик болбосун, максатыңызга жетүүгө умтулуу зарыл. Томас Эдисон достору анын кезектеги “жолсуздугу” тууралуу айтышканда мындай дейт. “Мен эч качан утулган жокмун. Болгону иштебеген он миң жолду ачтым” деп тамаша кылган.


Ишеним


Өзүңүздөн шек саноо жана жеңишке болгон ишенимсиз аркылуу эч нерсе ишке ашпайт. Өзүңүзгө ишенүү кереметтерди жаратат, мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана абдан жакшы мотивация берет.


Билим


Өз кесиптик тармагыңызда канчалык көп билимиңиз жана жөндөмүңүз болсо, ошончолук жогорку киреше деңгээлине тез чыгасыз. Ага кошумча жогорку эмоционалдык интеллект кошсоңуз, сиздин өсүүңүздүн ылдамдыгы баарын таңгалдырат.


Эмгекчилдик


Адам табиятынан эле жалкоо: дене да, мээ да ресурстарды үнөмдөөнү каалайт. Бирок бул системаны жоготуунун жолу бар. Өнүгүүнү баштаганда, эң кичинекей ийгилигиңиз үчүн өзүңүздү сыйлап, ар бир майда жеңишти белгилеңиз. Мээ эмгектен кийин дайыма жагымдуу нерсе күтүп турарын түшүнөт да, жалкоолук азаят.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн