Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:16
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Bayraktar Akıncı, Aksungur. Садыр Жапаров коопсуздук үчүн кандай аскердик техникалар алынганын билдирди

25.11.2022 12:51
310
Bayraktar Akıncı, Aksungur. Садыр Жапаров коопсуздук үчүн кандай аскердик техникалар алынганын билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда өтүп жаткан Биринчи Элдик Курултайда өлкөнүн коопсуздугун, бүтүндүгүн сактоо үчүн кандай куралдар жана техникалар алынганын айтып өттү.


"Бүгүнкү күндө коопсуздукка байланыштуу азыркы заманбап чакырыктар коргонуу чараларыбызды күчтөндүрүүнү талап кылып жатканын жакшы билесиздер. Өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында Коргоо министрлиги кайра түзүлүп, армиябыз күчтөнүүдө. Ага жараша биздин аскерлерибизге, коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, ар тараптан күчтөндүрүү аракеттерибизге күбө болуп жатасыздар. Мен кызматка келгенде, брондолгон аскер техникаларыбыз жок болсо, бүгүн дал ушул коопсуздук маселесине республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп, “Тигр” маркасындагы атайын бронетехникалар, оор жүк ташуучу аскердик унаалар, “Байрактар-ТБ2”, “Акынжы”, “Аксунгур” сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттарын; курал-жарактын жана аскердик техникалардын заманбап түрлөрүн сатып алдык. Өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, чек ара тилкелерин тактоо маселелеринде сиздердин бийликке болгон ишенимиңиздер бекем болушу керек!


Мындан сырткары, ар бир уул-кызыбыздын Мекенди сүйүү, аны коргоо деген ыйык милдетти ар дайым жүрөгүндө сактап алып жүрүү аң-сезимин бала кезинен калыптандыруу багытында иштерди жолго коюу пландарыбыз бар. Коргонуу, коопсуздук, аскердик милдет өтөө маселелерин жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү учурдун талабын эске алуу менен аскердик саясатты өркүндөтүү иштерин колго алышыбыз зарыл! Мекенге ак дилден кызмат кылуу ар бир жараныбыз үчүн жогорку сыймыкка айлангыдай болушу керек",- деп белгиледи президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн