Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:16
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Байсалов Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жактай тургандыгын билдирди

01.03.2022 11:01
527
Байсалов Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жактай тургандыгын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа жана Борбор Азиядагы өнүктүрүү максатындагы ишти координациялоо боюнча башкармалыгынын аймактык директору Гви-Йоп Сон менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалымдалгандай, аймактык директордун Кыргызстанга сапарынын максаты катары министрлер кабинети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коом менен БУУ реформаларын ишке ашыруу боюнча диалогду улантуу болуп саналат.


Эдил Байсалов БУУ өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык тармактагы учурдагы абал, министрлер кабинетинин жакынкы мезгилге карай пландары тууралуу маалымат берди. Андан соң тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулады.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары маалымдагандай, министрлер кабинети эл аралык экономикалык кырдаалдын начарлашына байланыштуу айрым орто мөөнөттүү пландарды кайра карап чыгууга мажбур болот.


Ошондой эле жакынкы айларда калктын аялуу катмарына тышкы факторлордун таасирин жумшартууга көңүл бурулат.


Эдил Байсалов Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жактай тургандыгын билдирди.


Андан ары жолугушуунун катышуучулары өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу маселелерине токтолду.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 2023-2027-жылдарга Өлкөлүк Программалык Документтин кезектеги фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн