Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Байсалов: Парламенттик башкаруу учурунда министрликтер устукандай бөлүштүрүлгөн

18.10.2021 18:04
751
Байсалов: Парламенттик башкаруу учурунда министрликтер устукандай бөлүштүрүлгөн



Парламенттик башкаруу учурунда министрликтер устукундай бөлүштүрүлгөн. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда "Ала-Тоо 24" телеканалына 17-октябрда берген интервьюсунда билдирди.


"Бизде буга чейин бир чоң президент анан ага кошумча дагы 120 президент болгон. Алар өлкөнү бир нече бөлүккө бөлүп алышкан. Өкмөт ошол парламенттеги 120 депутаттын, беш фракция лидеринин каалоосун аткарып, алар койгон кадрларды гана кабыл алып, толук кандуу иштегенге убактысы болгон эмес. Министрликтеги кызмат орундары депутаттарга устукандардай таркатылган. Быйыл кышында шайланган президент Садыр Жапаров муну токтотуу үчүн өлкөнүн башкаруу жолун президенттик нукка бурду. Кыргызстан буга чейин парламенттик демократия деп келгени менен иш жүзүндө андай болгон эмес",- деди Байсалов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн