Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:11
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Байсалов: Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова оппозиция эмес, активист

14.04.2022 10:11
580
Байсалов: Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова оппозиция эмес, активист

Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова оппозиция эмес, активист. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова оппозиция жокто өздөрүн оппозиция атап алган.


"Мен баарын түшүнөм. Бирок оппозиция деп бул досторубузду атоо туура эмес. Равшан Бабыр уулу эки жарым миң добуш алган президенттик шайлоодо. 0.19%!!! Клара айымдыкы дурусураак. 1% - 14 миң добуш. Анан кайдагы оппозиция боло алышмак эле. Активист дегилечи сураныч. Ошол туура болот! Калгандарын айтпай эле коеюн. Уят эле бирок. Саясатчы менен артист сезиш керек сахнадан качан түшүштү...


Эптеп эле чырлап, кыпчылып, өрдөк жокто чулдук бий болуу аракети. Оппозиция болот, азыр деле бар. Бирок бул активисттер эмес. Бузуку деп айтпайын. Бирок Кумтөрдү 100% элибизге кайтарылышына БУУ баш болуп, дүйнөлүк коомчулук суктанып, алкыш айтып атышса, куттуктап, булар тескери каршы чыгып аткандары бузукулук эмей эмне?",- деп билдирүү калтырган Байсалов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн