Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Байсалов: Саламаттык сактоо министрлигинин ишине президент да, эл да нааразы

06.02.2023 20:10
235
Байсалов: Саламаттык сактоо министрлигинин ишине президент да, эл да нааразы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.


Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышкан жыйындын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо уюмдарынын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.


Коллегиялык жыйында ведомствонун ишмердүүлүгүнө канааттандырарлык эмес баа берилди.


«Саламаттык сактоо министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп баалоону сунуштайм. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутумунун ишине мамлекет жетекчилиги да, жарандар да ыраазы эмес. Бул тармакта көйгөйлөр жана кемчиликтер жетиштүү. Жакынкы жылдары саламаттык сактоо системасын каржылоо көлөмү бир кыйла көбөйтүлөт. Келерки жылы 600 млрд сомдон ашык консолидацияланган бюджет боюнча план белгиленген, каражаттын басымдуу бөлүгү саламаттыкты сактоого багытталат. Жакынкы 2 жылда саламаттыкты сактоо тармагындагы абал кескин өзгөрөт”, - деди Эдил Байсалов.


Коллегиялык жыйында маалымдалгандай, 2022-жылдын соңунда республика боюнча жалпысынан энелердин өлүмү 2021-жылга салыштырмалуу 23,4%га азайган. Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 7,1%га кыскарган.


Өткөн жылы кургак учукка каршы оорукананын курулушу аяктап, үстүбүздөгү жылдын февраль айында анын ачылышы күтүлүүдө. Талас жана Ош шаарларында перинаталдык борборлорду курууга даярдыктар башталды.


Калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, калктын 1000ине 4,4тү (1,4%), түзгөн.


Калктын өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө мурунку жылдардагыдай эле биринчи орунда кан айлануу системасынын оорулары - 51,1% (2021-ж. - 51,1%), экинчи орунда – шишиктердин түрү - 10,3% (2021-ж. - 10,2%), үчүнчү орунда – өлүмдүн тышкы себептери – 7,1% (2021-ж. – 7,3%), төртүнчү орунда – тамак сиңирүү органдарынын оорулары – 5,4% (2021-ж. – 5,3%) жана бешинчи орунда – дем алуу органдарынын оорулары – 4,4% (2021-4,4%) турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн