Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Байсалов индиялык студенттерди Дивали майрамы менен куттуктады

25.10.2022 10:57
235
Байсалов индиялык студенттерди Дивали майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн Дивали майрамында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


«Биздин өлкөдө достук мамиледеги Индия өлкөсүнөн келген миңдеген студенттер билим алышат. Бүгүн алар мекенинен алыс жерде Дивали улуттук майрамын белгилөөдө. Биз алардын бул жерде, Кыргыз Республикасында өздөрүн ыңгайлуу сезишин жана биз улуу өлкөнүн маданиятын жана салттарын жогору баалай турганыбызды билишин каалайбыз. Дивали майрамы жамандыкты жакшылык жеңген күндү билдирет. Бул күнү шамдар жана чырактар жагылат. Келгиле, бул күнү билим алуу үчүн биздин университеттерди тандап алган индиялык жаштар менен жакындан таанышып, достук мамилебизди чыңдайлы», - деди Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө.


Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн соң Индиянын жарык оттор майрамына арналган концерт өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн