Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Байсаловдун 13 жашар кыздын зордукталышы тууралуу маалыматка жообу талкуу жаратты

05.07.2022 11:24
451
Байсаловдун 13 жашар кыздын зордукталышы тууралуу маалыматка жообу талкуу жаратты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун зордукталган 13 жаштагы кыз тууралуу маалыматка социалдык түйүндөрдөгү реакциясы талкуу жаратууда.

Бул окуяны окугандын өзү канчалык сыздатарлык экени жөнүндө 4-июлда Твиттерде бөлүшкөн колдонуучуга ал "муну жазып, сыздатууну андан ары жайылтуунун эмне кереги бар?" деген өңүттө жооп калтырган.

Интернет-колдонуучулар Байсаловдун жазганын бөлүшүп, социалдык тармакка жооптуу жетекчинин мындай жообу кечирилгис экенин белгилеп, айрымдар кыз кабылган кордук боюнча бийликтен адекваттуу реакция болушун талап кылууда.

Эске салсак, секелек кызды зордуктоого шектелип 2 милиция кызматкери жана дагы бир киши кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн